-3 градуска түшөт. Түндө айрым аймактарда үшүк жүрөт
RU

-3 градуска түшөт. Түндө айрым аймактарда үшүк жүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

3-апрелден 4-апрелге караган түнү айрым аймактарда үшүк жүрүшү күтүлөт. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, абанын температурасы -3 градуска чейин түшөт.

  • Чүй облусунун тоо этектеринде жана Талас облусунун дыйканчылык аймактарында абанын температурасы 0…-2 градуска жетет.
  • Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде абанын -1…-3 градуска жетип, үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк данектүү мөмө бактардын бүчүрлөрүнө жана гүлдөрүнө коркунуч келтирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11323