Маршрутканын айдоочусу капчыгын түшүрүп алган жүргүнчүнү таап, акчасын кайтарып берди
RU

Маршрутканын айдоочусу капчыгын түшүрүп алган жүргүнчүнү таап, акчасын кайтарып берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №100 кичи маршруттук каттамдын айдоочусу капчыгын жоготкон жүргүнчүгө буюмун кайтарып берди. Бул туурасында мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Такталгандай, капчыкта 14 миң 800 сом болгон. Айдоочу Нургазы Мустапаев капчыктын ээсин табуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү караган. Ал айдоочулардын мессенджердеги тобуна капчык таап алганын кабарлап, муну жайылтууну суранган.

Билдирүүлөрдөн кийин капчыктын ээси табылып, ал ыраазычылык иретинде айдоочуга акчалай сыйлык берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11325