Эс тутумунан жапа чеккен Максат Сопиев августтан бери изделүүдө
RU

Эс тутумунан жапа чеккен Максат Сопиев августтан бери изделүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 1994-жылы туулган Максат Сопиев изделип жатат. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңеши жарыялады.

Маалым болгондой, ал 2022-жылдын 23-август күнү Кудайберген базарынын аймагындагы Профсоюз көчөсүндөгү имараттан саат 20:00дө чыккан боюнча дайынсыз.

Ошол учурдагы кийген кийми: кара спорттук костюм жана кара кепка.

Белгилери: бою 194 см, салмагы 120 кг, чымыр денелүү.

Брекет тагынат жана эс тутумунан жапа чегет.

Изделип жаткан жаран тууралуу маалыматы барлар төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: +996 55 52 30 490, +996 755 07 47 20.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11334