Россияда аскердик кабарчы өлтүрүлгөн окуя теракт деп бааланууда
RU

Россияда аскердик кабарчы өлтүрүлгөн окуя теракт деп бааланууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Тергөө комитети аскерий кабарчы Владлен Татарскийдин өлтүрүлүшүн терроризм деп эсептеди. Бул туурасында РИА Новости жазып чыкты.

Алар Татарскийдин өлтүрүлүшүн Украинанын атайын кызматы пландаган деп эсептешет.

Тергөөчүлөр учурда кылмышка катыштыгы барлардан тарта буюртма бергендерди аныктоо үчүн окуяны карап жатат.

"Журналисттин өлтүрүлүшүнө Киевдин тиешеси бардыгын Террордукка каршы улуттук комитет билдирди. Алардын берген маалыматына таянсак, кылмышты Украинанын атайын кызматы Алексей Навальныйдын тарапкерлеринин катышуусунда пландаган", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2-апрелде Санкт-Петербургдагы жардыруудан блогер жана аскердик кабарчы Владлен Татарский (Максим Фомин) каза тапкан.

Адам өлүмү боюнча кылмыш иши козголуп, Россиянын ИИМи Петербургда туулган 26 жаштагы Треповага издөө салган. 3-апрелде шектүүнүн кармалганы айтылды.

Жардыруудан 32 киши жарадар болуп, алардын ичинен алты адамдын абалы оор деп бааланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11338