Кыргызстанда жол белгилерин чыгарган цех ишке кирди
RU

Кыргызстанда жол белгилерин чыгарган цех ишке кирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жол белгилерин чыгарган цех ачылды. Бул туурасында Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен маалымдашып, цех министрликке караштуу экенин белгилешти.

Маалымдалгандай, Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Өндүрүштүк-инновациялык борбор" мамлекеттик мекемесинде жол белгилерин чыгарган цех өз ишин баштады.

Буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, мындан ары мекеме өзү чыгарууга кудурети жетет, биринчи кезекте сапатына өзгөчө көңүл бурулат.

Белгилей кетсек, жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Россиядан алынган. 31-марттан баштап ишин баштаган.

Министрге маалымдалгандай, азыркы тапта алгачкы буюртмалар түшө баштады. 7-10 жылга чейин жарактуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан болот. Ошондой эле цехти ачуу менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, кызматкерлердин ден соолугуна да көңүл бурулары белгиленди.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жол курулушуна колдонулган материалдардын сапатын текшерген лабораторияга баш бакты. Жабдуулардын абалы, алардын иштеши тууралуу маалыматты уккан министр тиешелүү жетекчилерге курулуш материалдарын сыноодон өткөрүү белгиленген эрежеге ылайык жүргүзүлүп жатканын көзөмөлдөөнү тапшырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11341