Бишкекте кеңселердин биринен 600 миң сом уурдап жаткандар видеого түшүп калган
RU

Бишкекте кеңселердин биринен 600 миң сом уурдап жаткандар видеого түшүп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кеңселердин биринен ири суммадагы акча уурдалган. Шектүүлөр колго түшүрүлгөнүн шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 20-мартта К.А. аттуу жаран Ленин РИИБге арыз менен кайрылган. Ал 20-мартка караган түнү саат 01:25 чамасында Токтогул көчөсүндөгү кеңселердин бирине белгисиз адамдар айнектен кирип, сейфтен 600 миң сом жана Adidas брендиндеги 2 бут кийимди (баасы 46 миң сом) уурдап кетишкенин айткан.

Бул факты боюнча 205-берене (Уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган К.И. жана 2009-жылы туулган Д.М. кармалган. Жашы жете элек бала тергөөгө келип турууга милдеттендирилип, үйгө чыгарылды. Шериги убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Жогорудагы адамдардын ушул сыяктуу 10 фактыга тиешеси бар экендиги болжолдонууда. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11342