"Принцесса Дури". Окуучулардан тартып, чоң кишилерге чейин сабагандар кармалды (сүрөт)
RU

"Принцесса Дури". Окуучулардан тартып, чоң кишилерге чейин сабагандар кармалды (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга белгисиз адамдар тарабынан өспүрүм балдардан тартып, чоң кишилердин аёосуз сабалып жатканы боюнча видеолор тарап жатат. Андан "Принцесса Дури" деген сөздү угууга болот.

Интернет колдонуучулар "Принцесса Дури" наркотикалык заттардын түрлөрүн саткан уюм экенин, Кыргызстандын аймактарына тараганын айтышууда. Ал эми сабалгандар курьердик кызматты аткарбай койгондор.

Бул окуя боюнча ИИМден Kaktus.kg сайтына маалымат берип, баңги топтун мүчөлөрү кармалганын билдиришти.

Ушул жылдын 26-мартында социалдык түйүндөрдө белгисиз адамдар күрөөчүлөр делгендерди сабап салган видео жарыяланган. Аталган кылмыш ИИМ башчысы тарабынан көзөмөлгө алынган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, Тергөө кызматы менен биргеликте Бишкек шаарынын Биринчи Май районунда өздөрүн милиция кызматкерлери катары тааныштырып, адамдарды ээн жерлерге алып барып, ур-токмокко алып, "Принцесса Дури" интернет-дүкөнүнөн уурдалган баңгизаты үчүн кечирим суроого мажбурлаган белгисиз адамдарга карата ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

3-апрелде ыкчам кызматкерлердин колдоосу менен 2001-жылы туулган А.уулу Г., 2000-жылы туулган К.Т. жана 2004-жылы туулган К.А. кармалды. Шектүүлөрдүн жашаган жерлеринде тинтүү жүргүзүлүп, далил катары буюмдар алынган. Учурда баңги топтун башка мүчөлөрүнүн өздүгү такталып, атайын иш-чаралар улантылууда.

Бул факты боюнча 261-берененин (уюшкан топ түзүү же ага катышуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Бул беренеге ылайык, топту түзгөндөрдү - мүлкүн конфискациялоо менен 10 жылдан 12 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу каралган. Кылмыштуу чөйрөгө катышуу - мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылдан 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

ИИМдин Коопсуздук кызматы топтун ишмердүүлүгүнөн жапа чеккен жарандарды милиция бөлүмүнө кайрылууга чакырат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11346