Садыр Жапаров: Мурда президенттин батасын алмайын талапкер шайлоого аттанчу эмес
RU

Садыр Жапаров: Мурда президенттин батасын алмайын талапкер шайлоого аттанчу эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Учурда Бишкектин Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого талапкерлерди каттоо жүрүп жатат. Эл арасында айтылып жаткан ар кандай кептер боюнча Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине буларды айтты

"Мен эч бир талапкерди кабыл алган жокмун жана кабыл албайм дагы. Биз илгерки замандагы мындай жосундарды унутушубуз керек. Саясатчылардын баары шайлоолор боюнча жаңы заман келгенин билип, сезиши керек.

Ооба, мурда ошондой болчу. Президенттин батасын алмайын шайлоого аттанышчу эмес. Мындан ары кандай гана шайлоо болбосун, президент жана башка бийлик өкүлдөрү кийлигишпейт. Кимдир бирөөнү сүрөгөнгө жол бербейм. Биз жөн гана арбитр болуп беребиз. Ким утса, ошол өтсүн. Көпчүлүк эл кимди тандаса, ошол талапкер депутат болот. Мындан ары мурдагыдай айыл өкмөттөрдүн, мугалимдер менен медиктердин кайсыл бир талапкерге иштешине дагы жол бербейбиз. Иштегенин билип калсак, жоопко тартабыз", - дейт.

Каттоо бүткөндөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы менен бирге талапкерлердин баарын чогултуп, чогулуш өтөйүн деген планы бар экенин кошумчалады.

"Менин максатым – шайлоону таза, калыс, ачык өткөрүү. Ар бир талапкердин ишенимдүү адамын борбордук шайлоо штабындагы автоматташтырылган шайлоо системасына киргизип, өз көздөрү менен көзөмөлдөтүү. Адатта утулуп калган талапкерлердин "...жасап коюшту, болбосо мен көп добуш алгам..." деп, дароо кыйкырып чыкмай адаты бар эмеспи. Талапкерлер добуштарды компьютер эсептерин, адам баласы эсептегенге мүмкүн эмес экенин ишенген адамдарынын көзү менен көрүп олтурушса деген ойдомун", - деп кошумчалады.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы автоматтык түрдө Борбордук шайлоо комиссиясында турган серверге келип түшүп турарын, жыйынтыгы жарым саат, бир сааттын ичинде эле чыгып, андан кийин талапкерлердин ишенимдүү адамдарынын катышуусунда бюллетендер кол менен дагы саналарын белгиледи.

"Кыскасы мындан ары кандай гана шайлоолор болбосун, таза өтүп турат, буюрса. Мен чоң шайлоого кийлигишкен жокмун. Анан ушул бир округдун шайлоосуна киришмек белем. Кимиси марага биринчи келсе, ошол талапкер депутат болсун. Элдин добушун сатып алам деген бай талапкерлер дагы андай ойлорунан азыртан кайтыш керек! Биз шайлоолорду таза өткөрүүгө бет алганбыз. Ушул багытты баарыңар колдоп, коштоп турушуңар зарыл! Болбосо эч качан оңолбойбуз", - деди өлкө башчы..

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11351