Бүгүндөн баштап айрым троллейбустардын каттамы өзгөрдү
RU

Бүгүндөн баштап айрым троллейбустардын каттамы өзгөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-апрелден тарта борбор калаада айрым троллейбус каттамдарынын кыймылы өзгөрдү. Бишкек шаардык мэриясынан кабарлашкандай, каттамдар убактылуу өзгөртүлдү.

Тактап айтканда:

  • 4-каттам Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева көчөлөрү аркылуу өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча жүрөт.
  • 7-каттам Фучик-Дэн Сяопин-Бейшеналиева-Киев көчөлөрү боюнча өтүп, андан ары өзүнүн маршруту боюнча каттайт.
  • 10-маршрут Бейшеналиева-Дэн Сяопин-Интергельпо көчөлөрүнүн батыш багыты боюнча жана андан ары өзүнүн каттамы менен жүрөт.

Троллейбустардын кыймылы Асаналиев көчөсү боюнча канализациялык коллектордун салынышына байланыштуу өзгөртүлдү.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жарандардан кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландап алууну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11363