Депутат жоюлган телеканалдын кызматкерлерин иш менен камсыз кылууну суранды
RU

Депутат жоюлган телеканалдын кызматкерлерин иш менен камсыз кылууну суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов жоюлган "5-каналдын" кызматкерлерин иш менен камсыз кылууну суранды.

Эл өкүлү телеканалды жоюу чечимин Министрлер кабинети кабыл алганын, бирок жумушсуз калгандарга шарт түзүү керектигин белгиледи.

"Эмгек жамаатта 30 жыл иштегендер бар. Канчалаган адамдар ишсиз калды. Протоколдук тапшырма бериңиздер", - деп президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

Белгилесек, 4-апрелде Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу "5-канал" жана "Пирамида" телеканалдары банкрот болгонуна байланыштуу жоюларын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11365