Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо аяктады. Сүрөттөр
RU

Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо аяктады. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо долбоорун расмий аяктоо аземине катышуу үчүн Нарын облусунун Ат-Башы районуна барды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Маалыматта ГЭСти реконструкциялоодон кийин анын кубаттуулугу 40тан 45,7 МВтка чейин, ал эми иштөө мөөнөтү 25-40 жылга жогорулаганы белгиленген.

"Кыргыз Республикасынын гидроэнергетикалык потенциалы абдан жогору. Бизде 40 миңге жакын дарыялар, мөңгүлөр бар, аларда дүйнөнүн эң бийик төрт чокусу жайгашкан.

Биз бул потенциалды пайдаланууга даярбыз жана келечектеги инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзөбүз. Мунун түздөн-түз далили - Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоонун аякташы.

Мындан ары Ат-Башы ГЭСи Нарын облусунун калкын туруктуу электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, жалпы облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошот", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле 2022-жылы энергетика тармагын өнүктүрүүгө 15 млрд сом бөлүнгөнүн айтты.

"Кылымдын курулушун баштадык – Камбар-Ата-1 ГЭСи. Токтогул ГЭСинин эки жылдан бери токтоп турган №4 гидроагрегатын ишке киргиздик, азыр саатына 1260 МВт электр энергиясын иштеп чыга алат. Болжол менен 50 кичи ГЭС курулуп жатат, бул башталышы гана. Биринчиден, электр энергиясы экологияга зыян келтирбейт, экинчиден, бул заманбап жашоонун энергиясы, жаңы мүмкүнчүлүктөр. Ишенимдүү энергетикалык система мамлекеттин туруктуулугун камсыздайт", - деди Акылбек Жапаров.

Долбоорду ишке ашырууга 25 миллион доллар бөлүнгөн, анын алкагында бардык электромеханикалык жабдууларды реконструкциялоо жана модернизациялоо иштери аяктады, деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11372