Ушул аптанын соңунда аба ырайы өзгөрөт. Тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн
RU

Ушул аптанын соңунда аба ырайы өзгөрөт. Тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөдө 7-апрелден тарта аба ырайы өзгөрүп, нөшөрлөгөн жамгыр жаайт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 8-9-апрелдерде да туруксуз аба ырайы күтүлөт.

  • 7-апрелде күндүз жана 8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда нөшөрлүү жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
  • 8-апрелде күндүз Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
  • 9-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Туруксуз аба-ырайы унаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11378