"Достук" өткөрмө пунктунда 1,3 миллион рубль өткөрүү аракетине бөгөт коюлду
RU

"Достук" өткөрмө пунктунда 1,3 миллион рубль өткөрүү аракетине бөгөт коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Достук" өткөрмө жайында Өзбекстандан Кыргызстанга мыйзамсыз акча каражаттарын өткөрүүгө аракет кылган учурда Өзбекстан жараны П.Х.М. кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.

Алынган акчанын жалпы суммасы 1 миллион 330 миң рублду түзгөн. Бул факты каттоого алынып, чогултулган материалдар белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Транспорт прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11384