Алматыда дизель майын сатууга чектөө киргизилди
RU

Алматыда дизель майын сатууга чектөө киргизилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алматыда дизелдик майга Алматы облусунун тургундары, ошондой эле транзиттик унаа ээлери тарабынан суроо-талап күчөп жатат, деп жазат Kazakhstan Today шаардык мэрияга шилтеме берүү менен.

Керектөө бир эле учурда 30-35% өскөн. Бул айрым май куюучу жайларга жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашына алып келген. Чымкенттеги нефтини кайра иштетүүчү заводдо өндүрүш жандангандан кийин абал турукташуусу күтүлүүдө. Республиканын Энергетика министрлигинин алдын ала берген маалыматы боюнча, заводду оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айынын биринчи он күндүгүндө аяктайт.

"Шаардын тургундарын, автобус парктарын жана коммуналдык кызматтарды камсыз кылуу максатында айрым май куюучу жайларда дизель майына киргизилген. Учурда Алматы шаарынын акимиаты май куюучу станциялардын тармактары менен биргеликте дизелдик отунга тынымсыз көзөмөл жүргүзүүдө", - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Алматыга күйүүчү-майлоочу материалдарды жеткирүү үч нефтини кайра иштетүүчү заводдон ишке ашырылат.

"Ушул жылдын 15-мартынан тарта Чымкент нефтини кайра иштетүүчү заводу капиталдык оңдоо иштерине байланыштуу жабылган. Мындан улам Алматыга дизель майын берүү токтотулган. Бул аралыкта Нефть-химиялык заводдон жана Атырау нефтини кайра иштетүүчү заводдон 12 миң тоннага жакын дизелдик отун алып келинген", - деп акимчиликтен билдирген дешет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө шаардын ири май куюучу станцияларында жана нефтебазаларында 8,8 миң тоннага жакын дизель майы бар жана 4,7 миң тоннага жакынын 4-5 күндүн ичинде жеткирүү күтүлүүдө.

Эске салсак, Казакстан дизель майына жана бензинге бааны көтөрүүнү көздөп жатат. Казакстандын премьер-министр мындай чара өлкөдө күйүүчү майдын тартыштыгын алдын алуу максатында киргизилип жатканы менен түшүндүргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11386