Ырыс Жоомартова маданият министрине нааразы болуп, президентке кайрылды
Режиссёр, актриса Ырыс Жоомартова президентке кайрылды. Анын кайрылуусуна учурда жетектеп жаткан "Октябрь" кинотеатары себеп болду.
Айтымында, аталган театрды чоң суммадагы акчага оңдоп-түзөп, Сүймөнкул Чокморовдун ысымын берем деп жатканда Чүй драма театрына өткөрөбүз деп жатышыптыр.
Балээнин баары жаркыратып жасап койгондон кийин башталды. Азыркы маданият министри Алтынбек Максутов: "Арендага берилбейт, Акылбек Жапаров Чүй драма театрына берсин деп жатат, мен буйрук даярдап жатам деди". Бул Кыргыз кинематографиясын колдоо жөнүндө мыйзамына туура келбейт", - дейт режиссёр.
Ошондой эле "Октябрь" кинотеатрын ай сайын каржылап туруу үчүн (жылуулук, электр жарыгы, суу, интернет, сигнализация жана башка чыгымдар) 150 000 сомдун тегерегинде акча сарпталарын айтат.
"Кинотеатрды кайра драма театр кылуу үчүн миллиарддаган акчалар керек. Бийликтегилерге, президентибиз Садыр Нуркожоевичке кайрылып, "Октябрь" кинотеатрын кинотеатр боюнча калтырып, жаш режиссёрлорубуздун тарткан кинолорун көрсөтүп, кинотеатрды толук оңдоп-түзөө иштерине жол ачып берүүңүздөрдү суранабыз. Бир жылдын ичинде бутпой калган ремонт иштерин бүтүрүп, толук кандуу ишке киргизүүгө сөз берем, мага короткон каражатымдын кайтарып алуу эмес, тескерисинче режиссёрлорду колдоо маанилүү", - дейт кайрылуусунда.
Ырыс Жоомартова азыркы маданият министрине нааразычылыгын айтты. "Кинотеатрды алып коюп, мен алган чоң суммадагы насыяны министр төлөп береби?", - деп жыйынтыктады.