Чүйдө жана Ысык-Көлдө жер титиреди
RU

Чүйдө жана Ысык-Көлдө жер титиреди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн бир катар аймактарында жер титирөө катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбаганын кабарлайт.

Маалымдалгандай, кечээ, 5-апрелде саат 21:14тө өлкө аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Чүй облусунун Кемин районунун Кайыңды, Тар-Суу, Кароол-Дөбө айылдарында 3,5 баллга жеткен.

Ал эми Кемин районунун Тегирменти, Шабдан айылдарында, Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында, Ысык-Көл районунун Сары-Камыш, Тору-Айгыр айылдарында, Тоң районунун Көк-Мойнок айылында 3 баллга чейин сезилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11391