Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды. Алар жүк ташуучулардан акча алып турган
RU

Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды. Алар жүк ташуучулардан акча алып турган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда Транспорт министрлигине караштуу Салмак көзөмөл департаментинин Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик контролдоо постунунун кызматкерлери кармалды. Алар коррупцияга шектелип жатканын УКМКдан билдиришет.

Коопсуздук комитеттен белгилешкендей, Транспорт министрлигинин кызматкерлери тарабынан системалуу түрдө жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан тоскоолдуксуз өткөрүү жана ташылып жаткан жүктүн уруксат берилген чегинен ашкан салмагын жашыруу үчүн акча талап кылгандыгы аныкталды.

Ашыкча салмактын категориясына жана даражасына жараша посттун кызматкерлери ар бир унаадан 500 сомдон 10 миң сомго чейин акча каражатын алып турушкан. Бул кылмыштуу ишке Транспорт министрлигинин борбордук аппаратынын Транспорттук көзөмөл башкармалыгынын айрым кызматкерлери да катышып, алар аралыктан мониторинг жүргүзүү жана жүк ташуучу унаалардын ашыкча салмагын белгилөө менен бирге бузууларды жашыргандыгы үчүн посттун кызматкерлеринен системалуу түрдө "өз үлүшүн" алып турушкан.

Бул коррупциялык схеманын уюштуруучулары өздөрүнүн кылмыштуу аракеттерин тоскоолдуксуз ишке ашырып туруу максатында УКМК кызматкерлерине жашырып туруу өтүнүчү менен кайрылып, бир нече жолу пара берүүгө аракет кылышкан. Алардын бул аракеттери да белгиленген жана документтештирилген.

4-апрелде жүк ташуучу унаанын айдоочусунан ашыкча салмак үчүн 5 миң сом өлчөмүндө кезектеги параны алып жаткан жеринен Кара-Көл шаарындагы салмак-габариттик контролдоо постунун 8 кызматкери, ошондой эле посттун улук нөөмөтчүсү, транспорттук көзөмөл башкармалыгынын башчысы кармалды. Бул иш боюнча жалпысынан Транспорт министрлигинин 13 кызматкери кармалды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Маалымат үчүн: Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Салмак-габариттик контролдоо департаменти автотранспорт каражаттарынын салмагынан жана жалпы көрсөткүчтөрүнөн ашып кетүүсүнө жол бербөө, ошондой эле жолдордун жана жасалма курулуштардын коопсуздугун камсыздоо максатында түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11396