Мейманканадан 2 кыз жана чет элдик кишинин сөөгү табылды
RU

Мейманканадан 2 кыз жана чет элдик кишинин сөөгү табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги мейманканалардын биринен 3 адамдын жансыз денеси табылды. Свердлов РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашкандай, экөө кыз жана бирөө эркек киши болгон.

Окуя тууралуу 6-апрелде райондук бөлүмгө билдирүү түшкөн. Анда Фрунзе көчөсүндөгү мейманканадагы номерден 2 кыздын, бир экркектин сөөгү табылганы кабарланган.

Жерине ыкчам топ барып, каза болгондордун денесине сырттан кароо жүргүзгөн. Денелеринде көгала тактар, жаракаттар болгон эмес.

Каза болгон эркек 1984-жылы туулган К.В. экени такталган. Ал эми кыздардын аты-жөнү такталууда. Өздүк булактын айтымында, каза болгон киши чет элдик жаран болгон.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүүдө. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11418