Мэрия эски автобустарды аукционго койду
RU

Мэрия эски автобустарды аукционго койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти муниципалдык менчиктеги автобустарды сатуу боюнча аукцион өткөрөт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Аукцион 12-апрелде өтөт. Автотранспорт каражаттарынын тизмеси бекитилди. Баштапкы баасы айтыла элек.

Эске салсак, Садыр Жапаров 1-апрелде Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгын пландан тышкаркы текшерүүгө алган. Ал муниципалитетке жараксыз болгон бардык эски автобустарды тез арада таштандыга чыгарууну жана аймагын кеңейтип, жаңы автобустарга даярдоону тапшырган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11420