Чүйдө жол тандабастын ээсин скотчтоп, талаага таштап кетишкен. Шектүүлөр камалды
RU

Чүйдө жол тандабастын ээсин скотчтоп, талаага таштап кетишкен. Шектүүлөр камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүйдүн Ысык-Ата районунда талаадан скотчтолгон адам табылды. Ал 12 сааттан ашык талаада жатып калганын облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, 4-апрелде болжол менен саат 14:00 чамасында Алга айылынын тургуну талаада жаткан кишини көрүп, милицияга кабар берген.

Жерине ыкчам топ барып, скотчтолгон жаран 1989-жылы туулган Б.Н. экенин аныкташкан. Анын оозу, көздөрү, колдору, буттары жана денеси скотч менен оролгон.

Ал бошотулгандан кийин окуя тууралуу буларды айтып берген: 3-апрелде саат 20:00 чамасында Бишкек шаарында унааны сатып алабыз деген белгисиз адамдар менен жолугушкан. Достоевский жана Анкара көчөсүнөн "кардарлар" аны өлтүрөбүз деп коркутушуп, күч колдонушуп, скотчтоп, унаанын документтерин, 50 миң сом акчасын жана iPhone 11 Pro телефонун тартып алышкан. Андан кийин башка унаага салып ээн талаага алып барып, бир күн кармашкан. Ал эми Range Rover унаасын белгисиз тарапка айдап кетишкен.

Бул факты боюнча 165-берене (Адам уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Ишти Чүй ОИИББдин жетекчилиги тыкыр көзөмөлгө алган. Жүргүзүлгөн иштердин алкагында шектүү катары 1998-жылы туулган К.Н. (Балыкчынын тургуну), 1994-жылы туулган С.К. (Бишкектин тургуну) жана 1994-жылы туулган М.А. аттуу кыз (Бишкектин тургуну) кармалды. Ал эми уурдалган унаа Ош облусунун аймагынан табылды.

Шектүүлөргө "Адам уурдоо" жана "Карактоо" беренелери менен айып тагылып, Ысык-Ата райондук сотунун чечими менен камакка алынышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11433