Бишкекте курулуп жаткан имараттан чыккан өрт толук өчүрүлдү
RU

Бишкекте курулуп жаткан имараттан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте курулушу бүтө элек көп кабаттуу имарат күйдү. ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашкандай, өрт бүгүн, 7-апрелде чыкты.

Октябрь районунундагы Токомбаев көчөсүндө курулуп жаткан имараттан өрт чыгып, саат 15:39да 1 күжүрмөн эсеп саат 15:41де кошумча 1 күжүрмөн эсеп тартылган

Саат 16:13тө өрт толугу менен өчүрүлдү. Маалыматка ылайык, өрт аталган имараттын жер төлөсүнөн чыгып, андагы пеноплекс курулуш материалы күйгөн.

Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11435