Жалал-Абадда эки милиция кызматкери каза тапкан. Окуянын жагдайлары белгилүү болду
RU

Жалал-Абадда эки милиция кызматкери каза тапкан. Окуянын жагдайлары белгилүү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунда 2 милиция кызматкери каза болгон. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, алардын бири жол кырсыгынан, экинчиси кант диабетинен каза тапкан.

Жалал-Абад ШИИБдин Курманбек шаардык милиция бөлүмчөсүнүн нөөмөткердин жардамчысы, милициянын старшинасы 1986-жылы туулган У.К. 6-апрелде саат 16:00 чамасында Ошко бара жаткан. Ал Бишкек-Ош автожолунун 380-чакырымында (Кара-Көл шаары) чукул бурулуштан унаасын башкара албай жолдон чыгып, даракты сүзгөн. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде каза болуп калган.

Ала-Бука РИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын капитаны 1983-жылы туулган Д.И. 28-март күнү саат 04:50 чамасында аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан. Ага алгач кант диабети деген диагноз коюлган.

Аталган факты Ала-Бука РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, өлүмдүн себептерин аныктоо максатында экспертизалар дайындалган.

Каза болгон кызматкер 2023-жылдын 27-март күнү "Нелегал" операциясын жүргүзүү учурунда Ала-Бука району менен чектешкен Өзбекстан Республикасынын чек арасында болжол менен саат 20:00 чамасында аткезчилик фактысын аныктап, РИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катташкан. Кызмат өтөп жатып өзүн жаман сезип, жүрөгү ооруп жаткандыгын жанындагы кызматкерге билдирген. Саат 22:00 чамасында жашаган жерине барып, дары ичип, кыйналып жатканынан "Тез жардам"кызматы менен ооруканага жеткирилген.

Каза болгон милиция кызматкери Аксы районунун Үч-Коргон айылынын тургуну болгон. Үй-бүлөлүү, артында 4 баласы калды. Ички иштер органдарында 2004-жылдан тартып кызмат өтөп келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11436