"Талас" аэропортун ишке киргизүү боюнча аракеттер башталды
RU

"Талас" аэропортун ишке киргизүү боюнча аракеттер башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Манас" аэрпортунун жетекчиси Манасбек Самидинов Таласка болгон иш сапарында "Талас" аэропортуна барды.

Маалым болгондой, ал президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов жана Талас шаарынын мэри Аскар Шабданов менен аэробекеттин жана аэродромдун курулуш иштеринин башталышы тууралу талкуулады.

"Талас" аэропорту ишке берилсе саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2023-жылдын 3-4-кварталына белгиленген.

2019-жылы "Манас" аэропорту өз күчү менен "Талас" аэропортунун аймагын тосуп-курчоо боюнча курулуш-монтаждоо иштерин аткарган

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11438