Садыр Жапаров мечитте ооз ачар өткөрдү (сүрөт)
3079
7-апрелде президент Садыр Жапаров Бишкектеги Имам Сарахси атындагы республикалык борбордук мечитке барды. Бул тууралуу анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
slide 2 of 5
Анын айтымында, мамлекет башчысы намаз окуп, мечиттин жамаатын Орозо айынын башталышы менен куттуктап, аларга ооз ачар өткөрдү.
slide 2 of 6
Ал ыйык айда Кыргызстандын элинин жасаган жакшы иштери көбөйүп, үзүрүн көрүп, үй-бүлөдө, коомдо тынчтык жана достук бекемделе беришин каалады.
"Кыргыз элинин бардык жакшы ниеттери, жакшы ойлору ишке ашсын!", - деди президент.
Сүрөттөрдөн мамлекет башчыны президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев коштоп барган. Куранды Кыргызстандын муфтийи Замир кары Ракиев окуду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/11442