Шаар тургуну бриллиант, акча жана телефон уурдаткан. Жалпы чыгым жарым миллиондон ашык
RU

Шаар тургуну бриллиант, акча жана телефон уурдаткан. Жалпы чыгым жарым миллиондон ашык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте акча жана зер буюмду уурдоого шектелип 18 жаштагы кыз кармалды. Бул туурасында Биринчи Май РИИБден кабарлашты.

Милиция кызматкерлерине 5-апрелде А.С. аттуу аял арыз менен кайрылган. Ал 3-апрелге караган түнү саат 00:50 чамасында Рыскулов көчөсүндөгү үйдөн баасы 90 миң сом болгон Samsung Galaxy Note Ultra телефонун, 210 миң сомун жана 404 миң 890 сомдук якут бриллиантын белгисиз адамдар уурдап кеткенин айткан.

Бул факты боюнча 205-берене (Уурулук) менен иш козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө 2005-жылы туулган К.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар, жогун аныктоо иштери аткарылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11445