Кыргыз аскерлери Bayraktar Akıncı учкучсуз учактарын колдонуу боюнча окуудан өтүштү
RU

Кыргыз аскерлери Bayraktar Akıncı учкучсуз учактарын колдонуу боюнча окуудан өтүштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын аскер кызматкерлери Түркияда Bayraktar Akıncı учкучсуз учактарын колдонуу боюнча атайын окуудан өтүштү. Бул туурасында Чек ара кызматынын Telegram-каналына видео жарыяланды.

Белгиленгендей, кыргыз, түрк жана азербайжандык аскерлер окуудан өтүшкөн.

"Мектепти ийгиликтүү бүтүргөн жана AKINCI Байрактары менен улутуна кызмат кыла турган бардык түрк, азербайжан жана кыргыз студенттерди куттуктайбыз" - деген "Baykar Makina" компаниясынын техникалык директору Сельжук Байрактар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11448