Этникалык кыргыз Мадоннанын клибине тартылды
RU

Этникалык кыргыз Мадоннанын клибине тартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америкалык популярдуу ырчы Мадоннанын The Enlightenment аттуу клибине теги кыргызстандык Акдениз Марат тартылган.

Клип эки ай мурун анын YouTube каналына жарыяланган. Видео Vanity Fair журналынын февраль айындагы санында жарыяланган фотосессия учурунда тартылган.

Акдениз клипке белгилүү моделдер Бинкс Уолтон жана Сара Грейс Валлерстедт менен чогуу роль ойногон. Алар нимфалардын образын жаратышкан.

Клиптин жаратуучулары - белгилүү фотограф жана клипмейкер Луижи жана Ианго (Luigi & Iango).

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11449