Чатырда жашап жаткан үй-бүлөгө Ташиев там салып берүүнү убадалады
RU

Чатырда жашап жаткан үй-бүлөгө Ташиев там салып берүүнү убадалады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Чүй районунун Октябрь айылындагы башка бирөөгө таандык тилкеде чатырда жашап жаткан Айзада Абдуллаева жана анын беш баласынан кабар алды. Бул тууралуу маалыматты Өткүрбек Рахманов өз баракчасына жазды.

Айзада Абдуллаеванын жардам сурап кайрылганын көргөндөн кийин Камчыбек Ташиев ага жардам берүүнү чечкен.

Ал жакын арада ошол эле айылдан Абдуллаевага жер тилкеси бөлүнүп берилип, ага бардык шарттары бар үй салып берерин убада кылды. Үйдүн курулушу УКМКнын жетекчисинин жеке көзөмөлүндө болот. Болжол менен курулушту Ташиев өзү каржылайт.

Буга чейин социалдык тармактарда 5 балалуу эненин үй-жайы жок болгондуктан, бирөөнүн короосуна чатыр тигип жашап жатканы тууралуу маалымат чыккан. Жергиликтүүлөр жалгыз бой көп балалуу апага жардам берүү керектигин суранышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11453