Жалал-Абадда үйгө чагылган түштү. 3 өспүрүм аман калды
RU

Жалал-Абадда үйгө чагылган түштү. 3 өспүрүм аман калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абад облусунун Кара-Инген айылына түшкөн чагылгандан бир үй күйдү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашат.

Маалыматка ылайык, 8-апрелде таңкы саат 04:15 чамасында аталган айылдагы турак үйгө чагылган түшүп, күйүп кеткен. Турак үй өрттөнүп жаткан учурда 2009-жылы туулган А.М. жана Б.А., Б.Э. аттуу эгиз балдар терезе аркылуу сыртка чыгышкан.

Үйдүн ичинде балдардан башка эч ким болгон эмес. Жабыркандар жок. Ал эми жогоруда аталган балдар туугандарыныкына жайгаштырылган.

Жеринде Жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан акт түзүлүп, турак үй жараксыз экени аныкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11458