Кыргызстандан адал деп экспорттолгон колбасадан чочконун эти табылды
RU

Кыргызстандан адал деп экспорттолгон колбасадан чочконун эти табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандан Россияга экспорттолуп жаткан адал колбасадан Россельхознадзор чочконун ДНКсын тапты. Бул тууралуу Россиянын департаментинин расмий билдирүүсүндө айтылат.

"Россельхознадзор Кыргызстандын компетенттүү органдарынын Россияга мал чарба азыктарын экспорттоодо республикадагы ветеринардык көзөмөлдү ишке ашырууга мамилесин жетишсиз деп эсептейт. Кызмат кыргыз тамак-ашынын талаптарга ылайык келишине өлкө тарабынан берилген кепилдиктердин жана ЕАЭБ талаптарынын бузулушун эсепке алат.

2023-жылдын март айында Кыргызстандын балык заводдорун текшерүүнүн жыйынтыгы Россельхознадзордун айтып жаткан талаптарынын бузулуп жатканына дагы бир далил боло алат. Бул республиканын ветеринардык кызматы тарабынан Россияга экспорттук продукцияларды көзөмөлдөөдө одоно системалык мыйзам бузуулар болгонун тастыктады.

Эт продуктыларын ташууга контролдук кылуу да ушундай эле. Кыргызстандан алынып келген адал колбасадан аталган кызматтын адистери декларацияланбаган чочконун эти менен сояны табышкан. Ошол эле учурда өндүрүүчү - Кыргызстандын Чүй облусунан келген компания өзүн адал стандарты боюнча технологиялык рецепттерди так сактоо менен эт азыктарын чыгарган ишкана катары көрсөтөт", - деп айтылат Россельхознадзордун расмий билдирүүсүндө.

Россиянын департаменти быйылкы жылы аталган кызмат тарабынан Бишкектен парагвайлык продукцияга жамынып алып, чочко майын алуучунун дарегине Россия аркылуу мыйзамсыз өтүү схемасы аныкталганын кошумчалады. Буга ылайык, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн аймагы аркылуу кооптуу деңгээли белгисиз товарлар ташылган деп ишендирүүдө Россельхознадзор.

"Жогоруда көрсөтүлгөн фактылардын бардыгы Кыргызстандын ветеринардык кызматынын ишканалары ЕАЭБдин жеткирүүчүлөргө коюлган талаптарга толук баш ийбей, республикадан келген товарларга мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүгө жетишсиз мамиле кылганын далилдейт. ", - деп эсептешет Россельхознадзор өкүлдөрү.

Башкы сүрөт: иллюстрациялык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11462