Улуу Британияда алгачкы жолу итти аракечтиктен арылтышты
RU

Улуу Британияда алгачкы жолу итти аракечтиктен арылтышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Улуу Британияда мал доктурлар алгачкы жолу итти аракечтиктен арылтты. Бул тууралуу The Telegraph басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, эки жаштагы лабрадор тукумундагы Коко аттуу ит ээси өлгөндөн кийин дагы бир ит менен кошо жолбун иттер үчүн баш калкалоочу жайга жеткирилген. Иттерге ал жактан жардам көрсөтүлгөн. Себеби экөөнү калтырак басып, абалы начар болчу.

"Иттердин кожоюну бөлмөсүнө спирт ичимдиктерин чогултуп, уктай берген. Бул бир нече жолу кайталанып, алкоголду акырындан үй жаныбарлары татып башташткан", - деп жазылган маалыматта.

Жыйынтыгында эки иттин бири өлүп калган.

Ал эми Коко төрт жума наркоздо жатып өзүнө келген. Учурдагы анын абалы күн санап жакшырып келе жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11465