Түркияда жол кырсыктан кыргызстандык аял каза болду
RU

Түркияда жол кырсыктан кыргызстандык аял каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Анталияда 7-апрелден 8-апрелге караган түнү Кыргызстандын эки жараны жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бардык жагдайларды тактоо үчүн Башкы консулдуктун кызматкерлери Анталиянын шаардык өлүкканасына жана Кепез районунун мамлекеттик ооруканасына барышкан.

Туугандары тарабынан өздүгү такталып, жыйынтыгында каза болгон аял Кыргызстандын жараны, 30 жаштагы Б.кызы А. экени такталды. Экинчи жабырлануучу 23 жаштагы Д.А., моюну сынып, көкүрөгүнөн жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Учурда Башкы консулдук маркумдун жакын туугандары менен биргеликте Кыргызстанга "Жүк-200" жөнөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Түрк басылмаларынын маалыматы боюнча, унаада кыргызстандык аялдардан тышкары дагы эки адам болгон: айдоочу 27 жаштагы түрк жараны, ал ошол жерден каза болгон. Дагы бир жүргүнчү, 28 жаштагы Польша жараны, ал ооруканага жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11467