Бишкекте куруучу 11-кабаттан кулап, каза болду. Ал төрт күн иштеген
RU

Бишкекте куруучу 11-кабаттан кулап, каза болду. Ал төрт күн иштеген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте 21 жаштагы куруучу курулуп жаткан үйдүн 11-кабатынан кулап каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына милициядагы булактар ​​билдирди.

Маалым болгондой, окуя 8-апрель күнү саат 15:30да Коёнкөзов менен Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Куруучу ооруканага жетпей каза тапкан.

Курулуш жүрүп жаткан обьект Royal Construction курулуш компаниясына тиешелүү экени маалым болду.

Прорабдын айтымында, маркум 2002-жылы туулган К. уулу Б. Мындан төрт күн мурун эле досу менен чогуу ишке орношкон. Ишке кирүү алдында К.уулу Б коопсуздук чаралары менен таанышкан.

Маркумдун жакындары курулуш компаниясынын өкүлдөрүнө чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Башкы бетте Коенкөзов жана Жумабек көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан объект көрсөтүлгөн. Сүрөт: 2GIS.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11471