Акжол Махмудов үчүнчү ирет Азия чемпиону болду
RU

Акжол Махмудов үчүнчү ирет Азия чемпиону болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча үчүнчү жолу Азия чемпиону болду.

Ал Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинин финалында алтын үчүн ирандык балбан Амин Кавиянинеджад менен кез келмек.

Бирок иран балбаны жаракат алганына байланыштуу килем үстүнө чыккан жок.

Буга ылайык, Махмудов Кыргызстанга биринчи жолу 3 ирет Азия чемпиондугун алып келген балбан болду.

Эске салсак, бүгүн Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча Азия чемпионаты башталган.

Ага Кыргызстандын 27 балбаны катышып жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11474