Боом капчыгайында таш кулатылат. 5-9 апрелде жол бир нече саатка жабылат
Боом капчыгайндагы жол бир нече саатка жабылып, автотранспорт менен жол жүрүү мүмкүн болбойт. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолунун" басма сөз кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, 5-апрелден тартып 9-апрелге чейин автотранспорттун жана темир жол транспорттун коопсуздугун камсыздоо максатында Бишкек - Нарын - Торугарт автожолдун Боом капчыгайы аймагында таш кулатылат.
Ташты кулатуу иштери жолдун 117- жана 118- чакырымында жүрөт.
"Бардык иштер жол толугу менен жабылгандан кийин жергиликтүү убакыт боюнча эртең мененки саат 9:00дон кечки 15:00го чейин жүргүзүлөт", - деп билдирүүдө айтылган.
Айдоочуларга алдын ала маршрутту пландап алууну сунушталды.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/1147