Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон жардам көрсөтүлөт
RU

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон жардам көрсөтүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун чечими менен Улуу Ата Мекендик согуштун ар бир ардагерине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт. Маалыматты президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирет.

Белгиленгендей, президент Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку каражат бөлүп берүү жөнүндө тескемеге кол койду. Бул чечимге 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта фашизмди жеңген жеңиштин дүйнөлүк тарыхый маанисин, ошондой эле жыл сайын белгиленүүчү жеңиштин 78 жылдыгын эске алуу менен кол коюлган.

1-апрелге карата Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 68 ардагери жашайт, алардын ичинен:

  • 12 - Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары;
  • 35 - Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары;
  • 9 - Экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттолордун жана башка жайларда мажбурлап кармалган жашы жете элек туткундары;
  • 12 - 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин блокада учурунда Ленинград шаарынын ишканаларында, мекемелеринде жана уюмдарында иштеген жана "Ленинградды коргогондугу үчүн" медалы менен, ошондой эле "Блокадалык Ленинграддын жашоочусу" белгиси менен сыйланган адамдар.

Жогорудагы ардагерлердин ар бирине 100 000 сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлөт.

Эскерте кетсек, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине жеңилдиктердин ордуна ай сайын акчалай компенсациялар (айына 7000 сом) жана президенттин өмүр бою берилүүчү стипендиясы (айына 10 000 сом) төлөнүп келет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11489