Дүкөндөгү төлөм терминалын уурдап жаткандар камерага түшүп калган
RU

Дүкөндөгү төлөм терминалын уурдап жаткандар камерага түшүп калган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүндө түн ичинде белгисиз төрт жигит дүкөндөн төлөм терминалын уурдап кетишкен. Шектүүлөр кармалганын, алар кем дегенде 15 уурулук фактысына тиешеси бар деп болжолдонуп жатканын Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кылмышка шектүүлөр 1-апрелге караган түнү уурулук фактысы боюнча кармалышкан. Алар Аламүдүндөгү дүкөндүн ичинен PAY-24 төлөм терминалын алып чыгып, 192 миң сомдук зыян келтирилген. Уурдоо учуру видеого түшүп калган.

Жабырлануучу арыз жазып, 205-берене (Уурдоо) беренеси менен иш козголгон. Шектүү катары Тогуз-Торо районунун төрт тургуну - 2004-жылы туулган Э.Б., 2002-жылы туулган У.Н., 2005-жылы туулган Н.Б. жана 2000-жылы туулган А.С. кармалды.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми тергөө учурунда алар Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагындагы дүкөндөрдөгү уурулук жана терминалдарды уурдоо боюнча 15 фактыга тиешеси болушу мүмкүн экени белгилүү болду. Тергөө уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11499