Дагы бир Азия чемпиону! Акылбек Талантбеков алтын утту
RU

Дагы бир Азия чемпиону! Акылбек Талантбеков алтын утту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Акылбек Талантбеков Астана шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында 1-орунду ээледи.

Спортчу 82 кг салмакта жалпы 3 беттеш өткөрдү. 1/4 финалда идиялык балбанды 7:1 эсебинде, жарым финалда ирандык балбанды 8;0 эсебинде жеңген.

Ал эми финалдык беттеште Казакстандык Диас Кален менен күч сынашып, 3:2 эсебинде утуп Азия чемпиону аталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11506