Үчүнчү кабаттан кулап түшкөн беш жашар бала аман калды
RU

Үчүнчү кабаттан кулап түшкөн беш жашар бала аман калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 2-апрелде, болжол менен саат 10:00до беш жашар бала Токтогул көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн үчунчү кабатынан кулап түшкөн. Бул маалыматты Kaktus.media редакциясына Экстрендик медициналык жардам көрсөтүү борборуу тастыктады.

Борбордун реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисовдун айтымында, бала №3 Шаардык клиникалык балдар ооруканасына госпитализацияланды.

"Алдын ала коюлган диагнозу: баш мээсинин чайкалышы жана ичинин травма болушу", - деди ал.

"Короче" Telegram каналы берген маалыматка ылайык, "Баланын апасы аны улуу агасы менен чогуу калтырып кеткен. Улуу агасы баланы сыртынан бекитип, сыртка чыгып кеткен".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1150