Бороондон улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды
RU

Бороондон улам Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолу бир тараптуу ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 11-апрелде Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолуна бороон түшүп, кар күрткүсү пайда болгондугуна байланыштуу жол убактылуу жабылган. Учурда жол бир тараптуу ачылганын Транспорт министрлигинен кабарлашты.

Мекемеден билдиришкендей, дагы деле бороон уруп жатат.

Жеринде Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу №960 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштеп жатышат. Тазалоо иштери 214-227-чакырым аралыгында жүрүүдө.

Ал эми аталган жолдун Талдык ашуусунда карды тазалоо жумуштары жүрүп, унаа кыймылына чектөөлөр жок деп кошумчалашты министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11516