Мээрим Жуманазарова жаракат алганына байланыштуу коло байге үчүн күрөшө албай калды
RU

Мээрим Жуманазарова жаракат алганына байланыштуу коло байге үчүн күрөшө албай калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда өтүп жаткан Азия Чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча коло байге үчүн күрөшүп, жаракат алганына байланыштуу утулуп калды.

Ал коло байге үчүн 68 кг салмак ченинде килем үстүнө казакстандык спортчу Елена Шалыгина менен күч сынашкан.

Беттештин башкы мүнөтүндө эле кыргыз балбан кызы күрөштү улантканга жаракаты мүмкүнчүлүк берген жок.

Соңунда Жуманазарова өзү күрөштү улантууну каалап жатса да, калыстардын чечими менен беттештен четтетилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11530