Жанар Акаев зоопарктарды жабууну сунуштап жатат
RU

Жанар Акаев зоопарктарды жабууну сунуштап жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Жанар Акаев Кыргызстандагы зоопарктарды жабууну сунуштады. Бул тууралуу ал 12-апрелде Министрлер кабинети тарабынан 2020-жылы демилгеленген "Жаныбарларды коргоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Долбоор коомдун адептүүлүгүн жана гумандуулугун бекемдөөгө, жаныбарларды багуу жана дарылоону жакшыртууга, жаныбарларга ырайымсыз мамиле жасоонун алдын алууга багытталган.

Акаевдин айтымында, Каракол менен Оштун эки зоопаркында багылып жаткан жаныбарларды табигый чөйрөсүнө коё берүү керек.

"Бул жаныбарларга болгон зордук-зомбулук жана ырайымсыздык, ал жерде адамгерчиликтин белгиси жок", - деди депутат.

Талкуунун жыйынтыгында парламент бул долбоорду актуалдуу эместигине байланыштуу четке какты. Ушундай эле долбоорду Дастан Бекешев иштеп чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11543