Башкы прокурор: 2022-жылы жети милиция кызматкери, прокуратуранын бир кызматкери соттолгон
RU

Башкы прокурор: 2022-жылы жети милиция кызматкери, прокуратуранын бир кызматкери соттолгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылы ички иштер органдарынын 80 кызматкерине карата 56 кылмыш иши каралган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Анын айтымында, ИИМдин жети кызматкери соттолуп, сегизине пробация, 26сына айып пул салынып, 29у акталган.

Ошондой эле өткөн жылы прокуратуранын кызматкерлерине карата 11 кылмыш иши каралган: бир кызматкер соттолгон, экөөнө айып пул салынган, алтоо акталган. Бир кызматкердин иши кошумча тергөөгө жөнөтүлгөн.

Зулушев белгилегендей, бул 2022-жылы эле эмес, мурда да козголгон иштер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11559