Токмокто 1 миллион 400 миң рубль уурдаганга шектүү кармалды
RU

Токмокто 1 миллион 400 миң рубль уурдаганга шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токмокто ири өлчөмдөгү акчаны алдап алды деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кылмышка шектүү 7-февралда фирмага 1 миллион 420 миң рублду накталай акчага айландырам деп, кайтарып берген эмес. Жабырлануучу милицияга кайрылган.

11-апрелде Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 29 жаштагы З.В. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Аталган факты боюнча "Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11561