Садыр Жапаров Азия чемпионатында күч сынашкан балбан кыздарды куттуктады
RU

Садыр Жапаров Азия чемпионатында күч сынашкан балбан кыздарды куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Азия чемпионатына катышкан кыргызстандык балбан кыздарды куттуктады.

"Кыздарыбыз да мыкты, күйөрмандарынын купулуна толгон күрөш көрсөттү. Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында өзүнүн эң мыктылыгын бешинчи ирет жеңүүчү болуп далилдеди. Күмүш алган Айпери Медет кызын, коло медаль алган Калмира Билимбекованы чоң спорттогу бул ийгиликтери менен куттуктайм! Сиздер бүгүнкү күндүн Жаңыл Мырзасысыздар. Силерге карап миңдеген сиңдилериңер спортко кызыгып, максат коё билүүнү үйрөнөт.

Албетте, Мээрим Жуманазарова баш болгон башка балбан кыздарыбыз багынта турган жеңиштер алдыда. Андыктан алар машыгууларына жаңы дем күч менен кайтып келет деп ишенебиз. Учурдан пайдаланып спортчуларыбыздын машыктыруучулар курамына да ыраазычылык билдирем", - деп айтылат куттуктоодо.

Президент ошону менен катар эркин күрөш боюнча 13-апрелде килемге чыга турган улуттук кураманын мырзаларына ийгилик каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11562