ИИМдин ардагерлерине турак жай берүү маселеси жакында чечилет
RU

ИИМдин ардагерлерине турак жай берүү маселеси жакында чечилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги түзүмдөрүндөрүндөгү кызматкерлерине, айрыкча ардагерлерге турак-жай берүү маселесин карап жатканын кабарлады. Министрликтен белгилешкендей, батирлер "Мамлекеттик ипотекалык компания" тарабынан аныкталган тартипте бөлүштүрүлөт.

Бишкек шаарынын К.Акиев 1а дареги боюнча жайгашкан ИИМдин турак жай фондунун объектилери (216 батир) "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын алкагында белгиленген тартипте тескеме менен "Мамлекеттик ипотекалык компанияга" өткөрүлгөн.

Учурда ички иштер органдарынын Бишкек шаарынан турак жайга муктаж болгон кызматкерлеринин тизмелери чогултулуп, эч кимиси тизмеден чыгарылбай "Мамлекеттик ипотекалык компанияга" жөнөтүлгөн. Тизмеде кызматкерлер, жумушчулар, ардагерлер, жеңилдик берилген категориядагылар (жесирлер, майыптар, көп балалуу үй-бүлөлөр) катталган, жалпы 1700дөн ашуун тизмеде бар.

Ошондой эле ИИМ тарабынан турак жайга муктаж болгон ардагерлерге, жеңилдик берилген категориядагыларга "Мамлекеттик ипотекалык компания" батир бөлүүгө көмөк көрсөтүү тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары А. Касымалиевдин дарегине кайрылуу жөнөткөн. Ички иштер министрлиги көтөргөн бул маселе жакын арада Координациялык кеңеште каралат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11567