Салмоор Жумабеков УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды
RU

Салмоор Жумабеков УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Салмоор Жумабеков Бишкектеги УКМК башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч структураларынан айтып беришти.

Эске салсак, Салмоор Жумабеков - атактуу хирург Бишкектин травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун (4-горбольница) жетекчиси Сабырбек Жумабековдун уулу. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин экс-спикери Дастан Жумабековдун иниси.

ММКларга Райымбек Матраимовду (учурда Райымбек Ысмайылов) камакка алгандыгы менен таанымал болуп калган.

Жаңы кызматка дайындалганга чейин УКМК АККсинин жетектөөчү кызматтарында иштеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1156