Ысык-Көл райондук сотунда 150дөй кылмыштын кагаздары жоголуп кеткен
RU

Ысык-Көл райондук сотунда 150дөй кылмыштын кагаздары жоголуп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш иши жоголгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду дешет УКМКдан.

Белгиленгендей, Ысык-Көл райондук сотунда кылмыш/жарандык иштер жоголгон. Коопсуздук комитеттин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан 348-берене (Шалаакылык) менен райондук соттун жооптуу кызматкерлерине карата тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлдү.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, жогорудагы аракеттердин максаты - айрым резонанстуу кылмыш иштерди жана мүлктүк мүнөздөгү иштер боюнча мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу, ошондой эле материалдык пайда алуу болгон.

Азыркы учурда кылмышка тиешеси барларды аныктоо жана жоголгон кылмыш иштерди издөө боюнча зарыл болгон иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11572