Саламаттыкты сактоо министрлигине 41 тез жардам унаасы келет
RU

Саламаттыкты сактоо министрлигине 41 тез жардам унаасы келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан грант түрүндө 41 даана "Тез жардам" унааларын алып келүү күтүлүүдө. Андан тышкары дагы 52 даана санитардык унаалар келерин Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мындан тышкары, кызматтын маалыматы боюнча, "Газпромбанк" ААКсы аркылуу 250дөн ашык "Тез жардам" унаасын сатып алуу такталууда.

Транспорт каражаттарын сатып алууда техникалык мүнөздөмөлөргө жана жабдууларга, ошондой эле бейтаптардын, медицина кызматкерлеринин коопсуздугуна карата талаптардын сакталышына өзгөчө көңүл бурулары көрсөтүлгөн. Буга ылайык, Саламаттыкты сактоо министрлиги өзгөчө жетүүгө кыйын жана алыскы айылдарда калктын тез медициналык жардамга жеткиликтүүлүгүн жакшыртууну көздөп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11577