"Командада каралар жана мусулмандар мынчалык болушу мүмкүн эмес". ПСЖ клубунда чыр чыкты
RU

"Командада каралар жана мусулмандар мынчалык болушу мүмкүн эмес". ПСЖ клубунда чыр чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ПСЖнын башкы машыктыруучусу Кристоф Галтиерге расизм жана исламофобия боюнча олуттуу айыптар айтылды. Машыктыруучуга байланыштуу окуя Ниццада иштеп жүргөндө болгонун Sport-Express басылмасы жазып чыкты.

Француз маалымат каражаттары Ниццанын спорт директору Жюльен Фурнье менен азыр париждиктерди жетектеп жаткан команданын машыктыруучусу Кристоф Галтиердин ортосундагы электрондук катты жарыялашты. Анда Галтиер ага командада каралар менен мусулмандардын көп болушу мүмкүн эместигин айткан.

Франция үчүн бул темалар сезимталдуу. Ал тургай, кат жарыялангандан көп өтпөй, Париж клубу көптөгөн коркунучтардан улам машыктыруучуну жана анын үй-бүлөсүн коргоого аргасыз болгон. Чындыгында Галтиердин телефон номерине кыска убакыттын ичинде бир нече миң кооптуу билдирүүлөрдү, анын ичинде өлүм менен коркутуулар келген.

Ал ортодо ПСЖнын жетекчилиги ички иликтөөнү баштады, эгер, айыптоолор тастыкталса, Галтиер кызматтан алынышы мүмкүн. Бирок Насер Аль-Хелайфи башында турган жетекчилик кескин кадамдарга барууга ынтызар эмес жана иштин бардык жагдайларын кылдат түшүнүүнү каалайт. Ошол эле учурда, чуулгандуу каттарды алган RMC Sport сенсацияны дароо жарыялабай, анонимдүү берилген маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн убакыт талап кылынганын айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11583